Муздатуучу жана тоңдуруучу жабдууларды тейлөө

Тоңдуруучу камераларды, муздатуучу камераларды жана температурасы контролдонуучу кампаларды иштетүү кыйла каржылык салымдарды талап кылат жана талаптагыдай техникалык кызмат көрсөтүүдө 20 - 30 жыл иштөөгө тийиш.

Муздатуучу жана тоңдуруучу жабдуулардын бузулушу жана эскириши өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө жана эксплуатациялык чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет. Типтүү проблемалар болуп изоляциянын (айрыкча тоңдуруучу камералардын), эшик чатырлары менен эшикти тыгыздагычтардын эскириши, ошондой эле, ички же сырткы тыштардагы жаракалар эсептелет. Мындай учурда оңдоо иштерин жүргүзүү же жабдууларды алмаштыруу зарыл. Изоляциядагы дагы бир сыныктын белгиси болуп компрессордун иштөө режиминин чектен тыш узакка созулушу; жабдуунун ичиндеги белгиленген параметрлерге жетпей, муздатуучу жабдуу тынымсыз иштейт.

Төмөндө келтирилген техникалык тейлөө боюнча чаралардын контролдук тизмеси ишканалардын муздатуучу шаймандарынын иштөө мөөнөтүн узартууга жардам берет:

Конденсаторлор

- аларды үзгүлтүсүз тазалоо зарыл, өзгөчө аба менен муздатуучу конденсаторлорду;

- тазалоонун жыштыгы конденсатордун жайгашкан жерине жана жабдуунун айлана-чөйрөсүнө жараша болот;

- мотордун желдеткичинин/насостун кыймылдаткычынын бузугу жоктугун текшерип туруу;

- желдеткичтердин моторго бекем бекитилгендигин текшерип туруу.

Компрессорлор

Зарылдыгына жараша стандарттуу тейлөөнү камсыз кылуу. Зарылдыгына жараша майды алмаштырып, компрессорлорду толтуруу (аммиак тутумдары).

Аба муздаткычтары

- аларды үзгүлтүксүз тазалап туруу зарыл;

- эритүү тутумунун (зарылдыгына жараша) бузугу жоктугун текшерип туруу;

- эритүүнү контролдоо тутумун эритүү үчүн оптималдуу убакытты камсыз кылуусун текшерип туруу;

-мотордун желдеткичинин/насостун бузугу жоктугун текшерип туруу;

- желдеткичтердин моторго бекитүүнүн бекемдигин текшерип туруу;

- чиллерлер (суу муздаткычтар) - суу насосунун иштешин текшерип туруу;

- суюктук сызыгынын чыпка-кургаткычын - тыгылып калгандыгын текшерип, зарылдыгына карай алмаштыруу.

Салкындаткычты заряддоо

- кабыл алгычтыктагы суюктуктун деңгээлин текшерип туруу же суюктук сызыгын көрүү айнегиндеги көбүкчөлөрдүн жоктугун текшерүү;

- бүткүл тутумда агып кетүүлөрдүн болушун текшерип, оңдоо иштерин жүргүзүү (оңдоону фторлуу күнөскана газдары жөнүндөгү ЕБнын Регламентине ылайык аткаруу зарыл).

Контроль

- шыкоо басымынын эң төмөнкү деңгээлин камсыз кылуу; өзгөчө, өтө жогоркусунда болбошу үчүн, басымды жөнгө салгычтын ырастагычын текшерип туруу;

- соруу басымынын абдан жогорку деңгээлин камсыз кылуу (түтүктө);

- муздаткыч камерасынын температурасын/технологиялык процессти белгиленген параметрлердин чегинде камсыз кылуу; алар талап кылынган мааниден төмөн болбошу зарыл;

- ысыкты жөнгө салуучу вентилдин өтө ысып кетишин ырастагычты текшерүү жана зарыл учурда жөнгө салуу.

Изоляция (обочолонтуу)

- Зарылдыгына жараша, соруучу сызыктын изоляциясын алмаштыруу;

- Зарылдыгына жараша, муздаган соруучу сызыктын изоляциясын алмаштыруу;

- Зарылдыгына жараша, муздаткыч кампалардын изоляциясын оңдоо же алмаштыруу.

Муздатуучу камералардын эшиктери

- зарылдыгы болбосо, эшиктерди ачык калтырбоо;

- зарылдыгына жараша эшиктин тыгыздагычтарын оңдоо же алмаштыруу;

- зарылдыгына жараша тилкелүү пардаларды оңдоо же алмаштыруу;

- зарылдыгына жараша аба пардасын оңдоо же алмаштыруу.

Муздун пайда болушу

- конденсат түтүктөрү тоңуп калса, бир аз жылытуу түтүктү эритүүгө жардам берет;

- музду эритүүчү элементтер туура иштөөсү зарыл;

- бууландыргычтарда муздун көбөйүшү жылуулуктун начар алмашуусун көрсөтөт;

- жука каптаган музду щетка менен тазалоого болот, бирок калың музду, өндүрүүчүнүн иштетүү боюнча нускамаларында жазылгандай, тазалоо зарыл;

- зыяндуулукка жол бербөө үчүн, музду тазалоого курч нерселерди колдонууга тыюу салынат;

- чекене сооданын катышуучулары үчүн жүрүм-турум эрежелери тейлөө жана муздатуу тутумдарын оңдоо боюнча маалыматты камтыйт.